Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Чаткал, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча сунуштарына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2013-жылдын 18-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д. Максутбаевке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 9-июлу
№ 122
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122-токтомуна тиркеме
2013-жылдын 18-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чекаралары
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ
Тогуз Торо району
11 мандаттуу Тогуз-Торо айылдык кеңеши
Ленин шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны – 1385, мандатынын саны - 7.
Борбору: Иса атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Ленин, Өрнөк айылдары жана анын аймагындагы Кара-Булак, Тулпар, Чолок-Там, Кормоцех, Чырпыкты бейит, Кара-Чий, Комплекс, АБЗ участкаларындагы жашоочулар кирет.
Дөдөмөл шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны –739, мандатынын саны - 4.
Борбору: Калдыбай атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Кош-Булак, Дөдөмөл айылдары жана бул айылдардын аймагындагы Ийри-Суу, Кайыңды, Киндик, Көңдүк, Телемунара, Чийлүү-Коо, Сары-Булак, Кара-Коюн, Баш-Көлмө, Орто-Көлмө, Аяк-Көлмө участкаларында жашаган шайлоочулар кирет.
Чаткал району
11 мандаттуу Терек-Сай айылдык кеңеши
Терек-Сай шайлоо округу.
Шайлоочуларынын саны - 785, мандаттын саны - 5.
Борбору: Терек-Сай айылдык маданият үйү.
Чек арасы: С.Мырзалиев көчөсү, Б.Жаркуловдун № 35 үйүнөн Эшалы болуш көчөсү, Ы.Омурбековдун № 1 үйүнө чейин.
Ак-Терек шайлоо округу.
Шайлоочуларынын саны - 519, мандаттын саны - 3.
Борбору: Ак-Терек айылынын мектеби.
Чек арасы: Горняк-2 көчөсү, К.Мусаевдин № 17 үйүнөн ынтымак көчөсү,
И. Абдырахмановдун № 1 үйүнө чейин жана Бузук айылы.
Кызыл-Токой шайлоо округу.
Шайлоочуларынын саны - 513, мандаттын саны -3.
Борбору: Кызыл-Токой маданият үйү.
Чек арасы: Кызыл-Токой айылынын Н.Токтобаевдин үйүнөн Кызыл-Токой айылы С.Эшенкуловдун үйүнө чейин.
ОШ ОБЛУСУ
Кара-Суу шаардык кеңеши
Бирдиктүү шайлоо округ.
Шайлоочулардын саны - 8878, мандаттын саны - 31.
Борбору: Кара-Суу шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Кара-Суу шаарынын аймагында жашаган шайлоочулар кирет.