№ 118 Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Т.Эмилбек уулунун, А.Шанановдун, Ж.Арстанбек уулунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, ошондой эле З.Турдуева, Ю.Каштанова, С.Бердибекова аймактык шайлоо комиссиялардын курамына киргизилгендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эмилбек уулу Тойчубек курамдан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Турдуева Замиракан резервден комиссиянын курамына киргизилсин.  

2. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Ак-Шумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шананов Абдилат Орозматович, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Арстанбек уулу Жыргалбек курамдан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Каштанова Юлия Анатольевна, Бердибекова Сырга Канатбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом  “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2017-жылдын 19-майы,  

№ 118