№276 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы № 2386 шайлоо участкасын жоюу жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы № 2386 шайлоо участканы жоюу тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2,4-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы №2386 шайлоо участкасы жоюлсун.

2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы № 2386 шайлоо участкасынын курамы таркатылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 25-июлу, 
№ 276