№ 264 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районунун Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Панфилов районунун Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 4 шайлоо участканы камтыган 1 бирдиктүү шайлоо округ түзүлгөн.

Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37,40,56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы Чүй облусунун Панфилов районунун Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жана Кайынды шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2016-жылдын 24-декабры

№ 264