28.12.2020 №518 Талас шаардык, Кара-Кулжа жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Талас шаардык, Кара-Кулжа жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдеринеөзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө
Талас шаардык, Кара-Кулжа жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18,19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын21-1-беренесинин1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2011-жылдын18-октябрындагы № 375токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Айткулов Бекжан Нурланович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынанкөрсөтүлгөн Кадыркулова Айзада Алтынбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадыркулова Кульнур Тажибаевна, Дыйканбаева Гулайым Кашкабашевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Кыргызстандын Элдик Кеңеши” саясий партиясынан көрсөтүлгөнЖалилова Бурулкан Ысаковна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Байгулов Алымкул Аскарович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ашырмаматов Нурмухаммед Нурбекович, Токтосун уулу Билал резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3.Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Качкынбеков Байызбек Качкынбекович, “АК” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Закирова Айгуль Кенешбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынанкөрсөтүлгөн Абдулганиева Сания Каримовна, Исмаилова Зульфия Абдыкеримовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 28-декабры
№518