18.11.2020 №355 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер А.Ш. Тукуновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 16-ноябрында кир. № 01-06/3351 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын                          19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин               3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш. Тукуновдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жакшылыков Руслан Шайыкбекович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапке А.Ш. Тукуновдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кудайберген уулу Тилекмат катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш. Тукуновдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 18-ноябры

№ 355