№161 2017-жылдын 12-майында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 97 токтому менен 2017-жылдын 12-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сейдакматов Артур Заирбекович табылсын.

 2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 Бишкек ш., 2017-жылдын 16-июну

№ 161