29.04.2021 №158 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Айдаркен шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21 түзөт. Айдаркен шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 8 саясий партия катталды, 7 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Ынтымак» - 20,2% (5 мандат); «Ата-Журт» - 14,3% (3 мандат); «Ата-Журт Кыргызстан» - 13,2% (3 мандат); «Замандаш» - 13,1% (3 мандат); «Жаны-Доор» - 12,1% (3 мандат); «Онугуу-Прогресс» - 9,8% (2 мандат); «Бутун Кыргызстан» - 8,6% (2 мандат). Шайлоочулардын саны 6216 түзүп, анын ичинен 1804 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 29,02% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 4 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 14-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жана Айдаркен шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 29-апрели,
№ 158