Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын, Чүй облусунун Москва, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине жана курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6,7-пункттарына, 19-беренесинин 4,16-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, өз каалоолору боюнча комиссиялардын резервдеринен жана курамдарынан чыгуу жөнүндө У.Ж. Макеевдин, Э.А. Артыковдун, Т.М. Масалбековдун, Т.И. Мамытовдун, А.Р. Мамбетжанованын, С.О. Жардамовдун, З.О. Молдалиевдин, Н.Н. Бейшенбаевдин, У.Д. Абдыкалыковдун, Т.И. Тургуналиевдин, У.Б. Бактыгуловдун, Т.Н. Азыловдун, К.М. Абдраимованын, Г.М. Асаналиеванын, Б.Ж. Рыскуловдун, К.И. Асаналиевдин, Рысбек кызы Анаранын, А.М. Азимовдун, У.Т. Рахманованын, Т.Т. Марибжановдун арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Макеев Урмат Жетимишбаевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Жолдошев Догдурбай Усенбаевич киргизилсин.
2. Нарын обусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү “Республика” саясий партиясынан – Артыков Эрнис Абдысадыкович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден “Ар-Намыс” саясий партиясынан Алыбекова Гүлбүбү киргизилсин.
3. Жалал-Абад обусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: “Акшумкар” саясий партиясынан – Масалбеков Талгат Марасулбекович, «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы” саясий партиясынан – Мамытов Тиленбай Иманбекович;
- резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
“Республика” саясий партиясынан – Иванова Елена Юрьевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан –Токтогулова Багымкул Анарбековна.
4. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Мамбетжанова Айгул Рыспаевна (комиссиянын төрагасы) чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Токтогулова Гулнара киргизилсин.
5. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан – Жардамов Сыдык Орозматович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден “Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан Жапарова Зина Болотовна киргизилсин.
6. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Молдалиев Замирбек Оморович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Мамбетов Жолдошалы киргизилсин.
7. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан –Бейшенбаев Нурадил Намазбекович, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан - Абдыкалыков Урмат Дженишбеович чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Тургуналиев Талантбек Ишенович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: “Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан Момунова Салтанат Анарбековна, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Мамбеталиева Айжамал Шайлообековна.
8. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: “Республика” саясий партиясынан Бактыгулов Улан Бусурманкулович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Азылов Таалайбек Нургазыевич (комиссиянын төрагасы);
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Алымбеков Бакыт Кенжебекович киргизилсин.
9. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы” саясий партиясынан – Абдраимова Каныгул Медербековна, “Эл үчүн” саясий партиясынан – Асаналиева Гульнара Мукубаевна, “Ата-Мекен” социалисттик саясий партиясынан Рыскулов Базарбек Жапаркулович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Асаналиев Казыбек Иминжанович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин:”Партия зеленых Кыргызстана” саясий партиясынан Акбусинова Маруа Шайкеновна, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Баялиев Чынгызбек Сабырбекович, ”Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Мамбеталиев Кубанбек Шаршенбаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Никитченко Екатерина Владимировна.
10. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан- Рысбек кызы Анара (комиссиянын катчысы) чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан- Бабатаева Алмаш Мырзабековна киргизилсин.
11. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү “Республика” саясий партиясынан Азимов Абдирашит Мамасалиевич чыгарылсын;
- ”Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Саттаров Кочкорбай Бахабадинович киргизилсин.
12. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: ”Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Рахманова Умидахон Тахтаполатовна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан-(комиссиянын төрагасы) Марипжанов Тавакилжон Толибжанович;
- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Абдуллаева Розахон Таджиходжаевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан-Ахмедов Таълатбек Бахтиярович.
13. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 10-октябры
№ 111