18.02.2020 №50 2019-жылы 31-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылы 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 18-декабрындагы №179 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Эркинов Талантбек Эркинович, Ороскулов Уларбек Уметбекович катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 31-декабрындагы протоколу менен Ш.Назаралиев айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 28 депутаты катышып, Т.Э.Эркинов – 23 добуш, У.У.Ороскулов - 5 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 31-декабрындагы протоколу менен Эркинов Талантбек Эркинович Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 31-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Эркинов Талантбек Эркинович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы Υч-Коргон айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 18-февралы
№ 50