№32 2019-жылдын 19, 23-мартында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Төш-Булак, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр, Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Жалал-Абад облусунун

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-мартындагы № 19 токтому менен 2019-жылдын 23-мартына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды, Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
 
Новопавловка, Төш-Булак, Карагуз, Көл-Төр, Орозбеков, Бел-Алды, Казан-Куйган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Ысакулов Залкар Максатбекович табылсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Баяке уулу Болоткан табылсын.
3. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын Карагуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мамишов Дагыбек Алимбекович табылсын.
4. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.2. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мааткеримов Улан Абдылдабекович табылсын.
5. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
5.1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
5.2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Алиев Алтынбек Ганыевич табылсын.
6. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
6.1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
6.2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Багымбаев Болот Тияншанович табылсын.
7. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
7.1. Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
7.2. Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Ырысбек уулу Элдар табылсын.
8. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
-Бишкек ш., 2019-жылдын 29- марты
№ 32