17.06.2021№ 493 2021-жылы 9, 11, 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак, Санташ, Карасаев, Арал жана Ысык-Көл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор
2021-жылы 9, 11, 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак, Санташ, Карасаев, Арал жана Ысык-Көл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 9, 11, 12, 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы №243, 2021-жылдын 25-майындагы №315 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак, Санташ, Карасаев, Арал жана Ысык-Көл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Эркимбаев Данияр Жантаевич, Бакасов Максат Бекбосунович катталган. Талапкерлер Сары-Булак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Сары-Булак айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Д.Ж. Эркимбаев - 11 добуш, М.Б. Бакасов – 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Эркимбаев Данияр Жантаевич Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Санташ айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Черикбаев Рустам Торгоевич, Абдыкеримов Руслан Кадыркулович катталган. Талапкерлер Санташ айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Санташ айылдык кеңешиндеги 21 депутатын 20 депутаты катышып, Р.Т. Черикбаев - 14 добуш, Р. К. Абдыкеримов – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Черикбаев Рустам Торгоевич Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Кайыков Курманбек Жазыбаевич, Шаршембиев Арсланбек Акжолбекович катталган. Талапкерлер Карасаев айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Карасаев айылдык кеңешиндеги 141 депутаттын 6 депутаты катышып, К.Ж. Кайыков - 6 добуш, А.А. Шаршембиев – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Кайыков Курманбек Жазыбаевич Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Чоркозов Эрлан Акматович, Момоев Айтбек Исаевич, Байсеитов Эмилбек Асаманбетович катталган. Талапкерлер Арал айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Арал айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Э.А. Чоркозов - 15 добуш, А.И. Момоев – 6 добуш, Э.А. Байсеитов – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Чоркозов Эрлан Акматович Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Рыскулов Токтосун Темирбекович катталган. Талапкер Ысык-Көл айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Ысык-Көл айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Т.Т. Рыскулов – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Рыскулов Токтосун Темирбекович Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак, Санташ, Карасаев, Арал жана Ысык-Көл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 9, 11, 12, 13-июнундагы Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Сары-Булак, Санташ, Карасаев, Арал жана Ысык-Көл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Сары-Булак айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Санташ жана Карасаев айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Арал айыл өкмөтүнүн жана 2021-жылы 13-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 11, 12, 13-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак, Санташ, Карасаев, Арал жана Ысык-Көл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Эркимбаев Данияр Жантаевич облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Черикбаев Рустам Торгоевич Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Кайыков Курманбек Жазыбаевич Ысык-Көл облусунун Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.5. Чоркозов Эрлан Акматович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.6. Рыскулов Токтосун Темирбекович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Сары-Булак, Санташ, Карасаев, Арал жана Ысык-Көл айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну
№ 493