Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы №7 токтому менен дайындалган Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын мэрин, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгуз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын алышпагандыктан шаардын мэри, айыл өкмөт башчысы шайланган эмес.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын мэрин, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2014-жылдын 26-февралына дайындалсын.
- Кадамжай, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек шаары, 2014-жылдын 12-февралы
№ 22