Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевден келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесенинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:
-Турсунбаев Абдулла-Мурза Дадабаевич, 1955-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Ажикеев Маматмуса Эргашевич, 1959-жылы туулган, пенсионер;
-Эгембердиев Равил Анарбекович, 1958-жылы туулган, жеке ишкер;
-Газыбеков Бейшеналы Сабырович, 1968-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Чечейбаева Гүлмира Мукашевна, 1954-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Акматова Жаннат Абдрахмановна, 1967-жылы туулган, жеке ишкер;
-Абжапаров Кубанычбек Мадаминович, 1966-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Осмонов Турсунали, 1948-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 29-июлу
№ 61