№88 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июндагы №75 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер каталган - Капарова Жамила Маматалиевна, Маматкеримов Алмаз Маманович жана Калмуратов Тагдырбек Токтосунович. 3 талапкер жергилүктүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Добуш берүүгө Кеңеш айылдык кеңешиндеги 11 депутаты баары катышты.
Добуш берүүдө Капарова Ж.М. – 0; Маматкеримов А.М.. – 0; Калмуратов Т.Т. - 11 добуш алышкан.
Шайлоонун натыйжасында Калмуратов Т.Т. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 21-июндагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Калмуратов Тагдырбек Токтосунович табылсын.
2. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы Кенеш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 28 - июну
№ 88