Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү …

“Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 30-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 1-6-бөлүктөрүнө, 53, 54-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).

2.   Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

3. Ушул   токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                        Т.Абдраимов 

Бишкек ш, 2011-жылдын 12-августу

№105

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча  борбордук шайлоо

комиссиясынын

2011-жылдын 12- августундагы

№ 105 токтому менен бекитилди

 

 Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө

 

ЖОБО

           

  1. Негизги  жоболор
  2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо тартиби
  3. Шайлоону уюштуруу
  4. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби
  5. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо тартиби
  6. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери

 

I. Негизги жоболор

 

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз

алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыгылган жана айыл өкмөттөрүнүнү башчыларын  шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы тийиштүү айылдык кеңештердин депутаттары тарабынан анын чакырылыш мөөнөтүнө карата жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты, депутаттар  укуктуу.

4. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким (мындан ары аким)

айылдык кеңештерге айыл өкмөтүнүнү башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу.

5. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билими бар жана мамлекеттик же муниципиалдык

кызматта иш тажрыйбасына эгедер, мамлекеттик билим берүү мекемелеринде же болбосо саламаттыкты сактоодо 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.

Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.

6. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан белгиленет жана ал аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бош орун пайда болгондон тартып 30 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.

7. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо эгерде ага айылдык кеңештин

депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса болду деп эсептелинет.

8. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тийиштүү  үлгүдөгү күбөлүк берилет.

9. Ушул Жобону бузуу шайлоону жараксыз деп табууга алып келет.

 

II. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди

каттоонун тартиби

 

10. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат  ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаты, депутаттары, ошондой эле аким  шайлоого чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

1)      айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер көрсөтүү боюнча чечим;

2)      талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;

3)      талапкердин аты жөнү, туулган датасы, жумуш орду, ээлеген кызматы (аткарган

иши) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары;

4)      «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысына көрсөтүлгөн талаптарды ырастаган тийиштүү документтер;

10.  Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып 3

календарлык күндүн  ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык келэрин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимин кабыл алат.

11.  Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат

ордуна талапкерди каттоого тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер алынгандан 24 саат ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутатына, депутаттарына, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн акимге аталган ылайык келбөөчүлүк туурасында кабарлоого милдеттүү.

      Талапкерди көрсөткөн айылдык  кеңештин депутаты, депуттары, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн аким кабарландырууну алган учурдан тартып 48 саат ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

12.  Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу

жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн айылдык  кеңештин депутаты, депуттары, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн аким тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

13.  Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга

төмөнкүлөр негиз болот:

1)       «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы тарабынан каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;

2)      талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3)      талапкер башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;

      4)   талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан (айылдык  кеңештин депутаты, депуттары, аким) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53 – беренесинин 1- бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди сунуш кылбагандык;

14.  Талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттоодон баш тартуу

чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

15. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштурат.

 16. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок

добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга акылуу. Бул учурда талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

17. Талапкерди  айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн айылдык

кеңештин депутаты, депутаттары, райондун акими каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакырып алууга укуктуу. Ушундай учурда тийиштүү талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алууга милдеттүү.

 

 

III. Шайлоону уюштуруу

 

18. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин формасын жана тексттин белгилейт, аларды сактоону камсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.

19. Шайлоо бюллетендери кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгарылат.

20. Бюллетенге айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.

21. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоо атайын бөлүнгөн жайда өткөрүлөт.

22. Депутаттардын келиши, добуш берүүнү уюштуруу, жайды жабдуу жана анда зарыл болгон тартипти кармоо үчүн жоопкерчиликти тиешелүү айылдык кеңештин төрагасы тартат.

23. Добуш берүү жолжобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.

 

IV. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби

 

24. Добуш берүүнүн алдында добуш берүү  үкөктөрү эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, мөөр басылып бекитилет.

25. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол

берилбейт.

26. Добуш берүүчү үкөктү  ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет

жана аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы аймактык шайлоо комиссияныны төрагасы тарабынан жарыяланат.

27. Добуш берүүчү үкөктү ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат.

 

 

V. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун  жыйынтыктарын

чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби

 

28. Добуш берүү аяктагандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык жана айкын, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүүчү жайда тыныгуусуз өткөрүлөт.

29. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү пайдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат  жана бул туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазуу жазышат.

30. Жараксыз бюллетендер өз алдынча эсептелет жана алар туурасында добуш

берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазуу жазылат. Шайлоочунун эркбилдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү айылдык кеңештин мөөрү басылбаган, же аныкталган формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.

31. Добуш берүүчү үкөктөгү бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер үчүн берилген “макул”  жана «бардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.

32. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы

чыгарылат жана алар протоколго киргизилет.

33. Тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер шайланды деп эсептелинет.

34. Протоколго кол койгондон кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы айылдык кеңештин депутаттарынын жана катышкандардын  алдында добуш берүүнүн жыйынтыктарын токтоосуз жарыялайт жана протоколду айылдык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизет.

35. Эгерде бир дагы талапкер керектүү добуштарды албай калса, биринчи турда добуш берүүдө көп сан алган эки талапкер боюнча добуш берүү өткөрүлөт.

36. Экинчи турда шайланды деп айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добуш алган талапкер таанылат. Мында аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жарыялайт жана тийиштүү протокол түзөт, ал айылдык кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизилет.

37. Айылыдык кеңеш добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду бекиткенден кийин тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы анын көчүрмөсүн райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.

38. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

39. Эгерде экинчи турда айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерлердин бири да керектүү добуш албаса, анда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесинде жана ушул Жободо белгиленген тартипте кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

 

VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери

 

40. Тиешелүү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган учурда, бош орун пайда болгон учурдан тартып бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер –министринин сунушу менен айылдык кеңешти таратууну ишке ашырат жана айылдык кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

41. Райондун акими өзүнүн буйрутмасы менен жаңы айыл өкмөтүн шайлоого чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.