29.12.2020 №523 2020-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары -КР БШК) 2020-жылдын 3-декабрындагы № 389 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Байгазиева Чынара Байгазиевна жана Бобуев Джолдошбек Толонгазиевич катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколу менен Кажы-Сай айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын баардыгы катышып, Ч.Б. Байгазиева -7 добуш, Д.Т. Бобуев -3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколу менен Байгазиева Чынара Байгазиевна Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
2020-жылдын 24-декабрында КР БШКнын дарегине Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Ч.Б. Байгазиевага карата Ысык-Көл облусунун Тоң районунун ИИБдун КЖБРинде арыз катталгандыктан Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитпөө жөнүндө өтүнүч менен арыз келип түшкөн.
Көрсөтүлгөн арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Ч.Б. Байгазиевага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо акты болбогондугу, ошого байланыштуу 2020-жылдын 17-декабрында болуп өткөн Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасыжөнүндө Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун КР БШКнын бекитүүсү үчүн тоскоолдуктар жок экендиги жөнүндө Э.И. Сагыновага кат жүзүндө түшүндүрмө берилди.
2020-жылдын 17-декабрындагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Байгазиева Чынара Байгазиевна Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 29-декабры
№ 523