№9 Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

А.Р.Акпаровдун арызынын негизинде, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Э.В. Чженди, К.Ш. Абдиевди комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө сунушунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1,10-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Акпаров Абабакир Рысалиевич - «Содружество» саясий партиясынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Ормонов Акылбек Набиевич - «Республика» саясий партиясынан. 

2. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Чжен Эльвира Васильевна - «Акшумкар» саясий партиясынан; Абдиев Кучкарба Шабданович - «Кыргызстандын-элдик демократиялык партиясы» саясий партиясынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Боронова Сайрагуль Жапаровна - «Акыйкат республикалык партиясы» саясий партиясынан; Маразаков Шавкат Адылбекович - «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 20-январы

№ 9