11.06.2021 № 400 2021-жылы 6-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         19-майындагы № 215 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Касымов Жыргалбек Кудайкулович,  Худаяров Рүстөмбек Жанибекович, Шамуратов Уланбек Орозбаевич катталган. Талапкерлер Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Ак-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Ж. Касымовго – 5 добуш, Р. Худаяровго – 13 добуш,  У. Шамуратовго – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Худаяров Рүстөмбек Жанибекович Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Аликулов Эшбай Курсанбаевич, Жороев Эмилбек Муктаралиевич, Нурдинбай Сарынжы Султанович катталган. Талапкер Сумбула айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Сумбула айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Э. Аликуловго – 2 добуш, Э. Жороевге – 14 добуш, С. Нурдинбайга – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Жороев Эмилбек Муктаралиевич Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 3, 4-июнундагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                    29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 6-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Худаяров Рүстөмбек Жанибекович Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Жороев Эмилбек Муктаралиевич Баткен облусунун Лейлек районунун Сумубла айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                          

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 400