№162 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Москва районунун Александровка, Төлөк айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов, Сузак районунун Кызыл-Туу, Аксы районунун Кара-Суу, Жерге-Тал, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Кара-Жал жаңыдан шайланган айылдык кеңештеринин биринчи уюштуруу сессиялары өткөрүлгөн.

 “Кыргыз  Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын     6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Москва районунун Александровка, Төлөк; Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа; Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов, Сузак районунун Кызыл-Туу, Аксы районунун Кара-Суу, Жерге-Тал; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Кара-Жал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 5-июлуна дайындалып, Александровка, Кара-Кулжа,  А. Суеркулов, Кызыл-Туу, Жерге-Тал, Бөрү-Баш айыл  өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин, Төлөк, Кара-Суу, Кара-Жал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

 2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 16-июну

№ 162