06.09.2019. №129 2019-жылдын 23-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-августындагы №113 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер катталган – Мураталиев Талантбек Манапбекович, Сакимов Мурафаддин Мухаммадович, Султанов Алмаз Молдогазиевич жана Шеримбеков Бакыт Кемелканович. Алар жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Добуш берүүгө Пригородный айылдык кеңешинин 21 депутаты толугу менен катышкан. Добуш берүүдө Т.М. Мураталиев – 7 добуш, М.М. Сакимов– 0 добуш, А.М. Султанов – 1 добуш, Б.К. Шеримбеков - 13 добуш алышкан, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 0 добуш берилген.

Шайлоонун натыйжасында Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп Б.К. Шеримбеков табылган.  

2019-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Пригородный айылдык кеңешинин депутаты Омуралиев Жеңишбек Алтымышовичтин арызы келип түшкөн. Арыздануучу 2019-жылдын 23-августунда Чүй облусуну Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо Пригородный айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер Б.К.Шеримбеков айыл өкмөт башчылыгына шайлануу максатында Пригородный айылдык кенешинин депуттарынын добуштарын сатып алууну жүргүздү деп билдирди. Арыздануучу далил катары эки жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бири-бири менен болгон сый-акы берүү жөнүндөгү WhatsApp тиркемеси аркылу кат алышуусун далил катары келтирүүдө.

2019-жылдын 28-августунда Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ даттанууну арыз ээси Ж.А. Омуралиев, Пригородный айыл өкмөттүнүн башчылыгына талапкер Б.К. Шеримбеков, Аламүдүн аймактык шайлоо комисиясынын төрагасы А. Суйуналиева жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен карап чыкты жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ж.А. Омуралиевдин даттануусун канааттандыруудан баш тартууну сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-августундагы №6 чечими менен Ж.А. Омуралиевдин 2019-жылы 23-августунда болуп өткөн  Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартылган.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 23-августундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Шеримбеков Бакыт Кемелканович табылсын.

2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы Пригородный айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                            А.БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2019-жылдын  6 - сентябры
№129