17.06.2021 № 485 2021-жылы 11, 12-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Үч-Төбө, Талды-Суу жана Сары-Могол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнү
2021-жылы 11, 12-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Үч-Төбө, Талды-Суу жана Сары-Могол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 11, 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 298 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Үч-Төбө, Талды-Суу жана Сары-Могол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Жороева Толгонай Жолдошовна, Сейдали уулу Тариел, Тынчыбек уулу Марлис катталган. Талапкерлер Сары-Таш айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Сары-Таш айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Т.Ж. Жороева – 0 добуш, Т. Сейдали уулу – 5 добуш, М. Тынчыбек уулу – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Тынчыбек уулу Марлис Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Абдыкадырова Гулуйпа Маданбековна, Айдарбек уулу Назарбек, Туркбаев Анарбай Сулайманович катталган. Талапкерлер Үч-Төбө айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу Үч-Төбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Г.М. Абдыкадырова – 2 добуш, Н. Айдарбек уулу – 0 добуш, А.С. Туркбаев – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 6 добуш берилгендиги белгиленген.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Туркбаев Анарбай Сулайманович Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Таев Турусбек Долонович, Орокбаева Рыскан Асилбековна катталган. Талапкерлер Талды-Суу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Талды-Суу айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Т.Д. Таев – 9 добуш, Р.А. Орокбаева – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Таев Турусбек Долонович Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Анарбаев Кутманали Асатиллаевич, Курмушуев Аттокур Тойгонбаевич, Нурмаматов Абдыгапар Абжамилович катталган. Талапкер Сары-Могол айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Сары-Могол айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, К.А. Анарбаев – 7 добуш, А.Т. Курмушуев – 4 добуш, А.А. Нурмаматов – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Анарбаев Кутманали Асатиллаевич Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Үч-Төбө, Талды-Суу жана Сары-Могол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 11, 12-июнундагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Сары-Таш, Үч-Төбө, Талды-Суу жана Сары-Могол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Үч-Төбө, 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Талды-Суу,
Сары-Могол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11, 12-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Үч-Төбө, Талды-Суу жана Сары-Могол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Тынчыбек уулу Марлис Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Туркбаев Анарбай Сулайманович Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Таев Турусбек Долонович Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.5. Анарбаев Кутманали Асатиллаевич Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Сары-Таш, Үч-Төбө, Талды-Суу жана Сары-Могол айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну
№ 485