Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 4-августундагы № 36-чечиминин негизинде шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча сунуштарына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ
УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2014-жылдын 5-августу
№ 96
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 5-августу
№ 96 токтомуна тиркеме
Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин шайлоо участкаларынын чек аралары
№ 4121 “Көк-Ой” шайлоо участкасы.
Борбору: С.Турусбеков атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Көк-Ой айылы толугу менен кирет.
Шайлоочулардын саны: 1191
№ 4122 “Эмел” шайлоо участкасы.
Борбору: Эмел айылдык дүкөнүнүн имараты.
Чек аралары: Кичи-Арал айылы толугу менен кирет.
Шайлоочулардын саны: 113
№ 4123 “Арал” шайлоо участкасы.
Борбору: Б.Кожоналиев атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Арал айылы толугу менен кирет.
Шайлоочулардын саны: 145