№75 Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо

Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
 
2019-жылдын 30-майында жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер жана Бейшеке, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.
2019-жылдын 31-майында жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелеринин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык дайындалсын.
2.Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 3-июну
№ 75