“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 4, 5, 6-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары (тиркелет) бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 16-марты
№ 47
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2012-жылдын 16-мартындагы
№ 47 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын
шайлоо боюнча округдардын чек аралары
Жумгал району
Чоң – Дөбө айылдык кеңеши
Чоң – Дөбө шайлоо округу
Борбору: Тынаалы атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Чоң – Дөбө айыл округунун калктуу конушу толугу менен кирет. (Сооронбаев Алиаскар, Отунчу Ногойбаев, Сооронбаев Кенжекара, Аманалиев Абазбек, Койчиев Мажы, Шайлообек Молдалиев көчөлөру жана Алкым участогунун аймагы).
Араван району
Нурабад айылдык кеңеши
Какыр - Пилтон шайлоо округу
Борбору: Амир - Тимур атындагы мектебинин имараты.
Чек арасы: Какыр – Пилтон айылы толугу менен кирет.
Кайрагач – Арык шайлоо округу
Борбору: Нурабад маданият үйүнүн имараты.
Чек арасы: Кайрагач – Арык айылы толугу менен, Кесов арыгынын сол тарабы толугу менен кирет.
Лангар шайлоо округу.
Борбору: Розахунова атындагы мектебинин имараты.
Чек арасы: Лангар айылы толугу менен, Кесов арыгынын оң тарабы толугу менен кирет.
Тепе – Коргон айылдык кеңеши
Жаңы – Абад шайлоо округу
Борбору: “Кыргызстан” мектебинин имараты.
Чек арасы: Жаңы – Абад калктуу конушу толугу менен, Интернационал, Уйгур – Абад айылдары толугу менен, Бостон-1 калктуу конушу толугу менен.
Тепе - Коргон шайлоо округу
Борбору: Тохтабаев атындагы мектебинин имараты.
Чек арасы: Тепекоргон айылы, Япчан – 1, Япчан – 2 калктуу конуштары толугу менен кирет.
Жаңы – Жол шайлоо округу
Борбору: Бостон атындагы мектебинин имараты.
Чек арасы: Бешковурга, Лохачи, Бостон – 2, Канды, Чек калктуу конуштары толугу менен кирет.
Кесов шайлоо округу
Борбору: М.Умаров атындагы мектебинин имараты.
Чек арасы: Араб, Еркыштак, Чертик айылдары толугу менен кирет.
Өзгөн району
Мырза – Аке айылдык кеңеши
Адыр шайлоо округу
Борбору: Адыр орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Адыр айылынын аймагы толугу менен кирет.
Обком шайлоо округу
Борбору: К. Калмурзаев атындагы мектебинин имараты.
Чек арасы: Мырза – Аке айылынын №№ 11, 14, кварталдары толугу менен кирет.
Мырзаке шайлоо округу
Борбору: Мырза – Аке маданият үйүнүн имараты.
Чек арасы: Мырза – Аке айылынын №№ 9, 10, 13 кварталдарынын аймагы толугу менен кирет.
Коммунист шайлоо округу
Борбору: Т. Машрапов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Коммунист айылынын №№ 1, 2, 3, 4 кварталдары толугу менен кирет.
Бабур шайлоо округу
Борбору: С. Мойдунов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек арасы: Бабур айылы, Тегерек – Коргон участкасы толугу менен кирет.
Интернат шайлоо округу
Борбору: М. Разаков атындагы мектеп - интернаты.
Чек арасы: Мырза- Аке айылы №№ 12, 15 кварталдар толугу менен кирет.
Лесхоз шайлоо округу
Борбору: Лесхоздун клубунун имараты.
Чек арасы: Коммунист айылынын №№ 5, 6, 7, 8 кварталдары толугу менен кирет.
Алтын - Булак айылдык кеңеши
Кандава шайлоо округу
Борбору: Кандава айылдык маданият үйүнүн имараты.
Чек арасы: Кандава, Чечебай, Ташбашат айылдарынын аймагы толугу менен кирет.
Алтын – Булак шайлоо округу
Борбору: “Алтын – Булак” маданият үйүнүн имараты.
Чек арасы: Алтынбулак, Сасыкбулак, Карабаткак (Алтын - Булак айыл өкмөтүнө караштуу үйлөр) айылдарынын аймагы толугу менен кирет.