09.06.2021 № 382 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, катталган эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 23-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2021-жылдын 23-июнуна дайындалсын жана саат 09-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 23-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
4. Ат-Башы, Жумгал жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну
№ 382