- К.Т. Зулушевдин көзөмөлдөө тартибиндеги даттануусун 2015-жылдын 23-октябрындагы ЖИ № 05-2226/15 канааттандыруу жөнүндө;
- М.Р. Туманбаевнын көзөмөлдөө тартибиндеги 2015-жылдын 23-октябрындагы ЖИ № 05-2221/15 даттануусун канааттандыруу жөнүндө;
- Ж.А. Саматовдун көзөмөлдөө тартибиндеги 2015-жылдын 23-октябрындагы ЖИ № 05-2227/15 даттануусун канааттандыруу жөнүндө;
- А.Т. Абжалиевдин көзөмөлдөө тартибиндеги 2015-жылдын 22-октябрындагы ЖИ № 05-2222/15 даттануусун канааттандыруу жөнүндө;
- Ж.А. Исмаилованын көзөмөлдөө тартибиндеги 2015-жылдын 22-октябрындагы ЖИ № 05-2223/15 даттануусун канааттандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтомдоруна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44, 45-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө” 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 токтомундагы № 2 тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан шайланган депутат деп табылган тизмесинен төмөнкүлөр чыгарылсын:
- Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич;
- Рысалиев Зарылбек Кылычбекович;
- Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович;
- Маматалиев Марлен Абдырахманович;
- Келдибаев Сагындык Ашыралиевич.
- “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын шайланган депутаттардын тизмесине төмөнкү талапкерлер киргизилсин:
- Зулушев Курманкул Токторалыевич - саясий партиянын тизмесиндеги № 8 катар номерине;
- Туманбаева Рада Мураталыевна – саясий партиянын тизмесиндеги № 13 катар номерине;
- Саматов Жыргалбек Алимбаевич – саясий партиянын тизмесиндеги № 14 катар номерине;
- Абжалиев Алиярбек Токобекович – саясий партиянын тизмесиндеги № 15 катар номерине;
- Исмаилова Аида Жекшенбаевна – саясий партиянын тизмесиндеги № 16 катар номерине.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө” 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөр бекитилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 27-октябры
№ 175
2015-жылдын 27-октябрында жарыяланды