№331 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2- августундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 11/1 чечимин бекитүү тууралуу

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участкаларды түзүү жөнүндө” №11/1 чечиминин негизинде, туруктуу жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13, 15 беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,7 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы №177 токтому менен бекитилген “Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы    

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 11/1 чечими бекитилсин.

2. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Бишкек шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн участкаларынын даректери тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо участокторунун курамдарын 2017-жылдын 15-августуна чейин түзсүн. 

4. Бишкек шаарынын мэриясы 2017-жылдын  15-августуна чейин кошумча шайлоо участкаларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электро энергия, байланыш каражаттар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.

5. Бул  токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.    

6. Бул  токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын  жетекчисине Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.    

ТӨРАГА                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 Бишкек ш., 2017-жылдын  7-августу 
 №331