№164 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңештеринин, Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен, Кадамжай шаардык кеңештеринин, Совет айылдык кеңешинин жаңыдан шайланган кеңештеринин биринчи уюштуруу сессиялары өткөрүлгөн.

“Кыргыз  Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын     6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна жана “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 5-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Сузак районунун Көк-Жаңгак, Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен мэрлеринин шайлоо 2017-жылдын 6-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай мэринин шайлоо 2017-жылдын 7-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 17-июну,  

№ 164