11.06.2021 г. № 407 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 19-майындагы № 203 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Сыдыков Аманат Калыбекович «Өнүгүү Прогресс» фракциясынан, Мергенбаев Талантбек Саламатович «Табылга» фракциясынан сунушталып катталган.
Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Балыкчы шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, А. К. Сыдыков - 23 добуш, Т.С. Мергенбаев – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Сыдыков Аманат Калыбекович Балыкчы шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Сыдыков Аманат Калыбекович Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Балыкчы шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарыА.Г. Бекматовго жүктөлсүн
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну
№ 407