Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … №94 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы …

№94 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планы жө

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы ПЖ №146 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыкты уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планы бекитилсин (тиркелет).
  1. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана тиркемеси жергиликтүү массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ

УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ                                                    А. ШАЙЫМКУЛОВА 

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 5-августу

№ 94

                  Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

2014-жылдын  5-августу 
№ 94 токтому менен

бекитилген

 

2014-жылдын 14-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын

КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

 Шайлоо күнү – жекшемби

           2014-жылдын 14-сентябры

 

Иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөттөрү

Аткаруу үчүн жооптуулар

Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү

1. 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 38 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 7-августуна чейин)

Аймактык шайлоо комиссиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен

(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы) - (мындан ары – Мыйзам) 10-берене, 4-бөлүк)

2.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 38 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 7-августуна чейин)

Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК аппаратынын уюштуруу бөлүмү)

(Мыйзам, 10-берене, 5-бөлүк)

3.

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо

Алар бекитилген күндөн тартып 4 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 11-августуна чейин)

ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы)

(Мыйзам, 10-берене, 6-бөлүк)

4.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 34 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 11-августуна чейин)

Аймактык шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 11-берене, 2, 3-бөлүктөр)

5.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 34 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 11-августуна чейин)

Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын уюштуруу бөлүмү)

(Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк)

6.

Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо

Алар бекитилген күндөн тартып 4 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 15-августуна чейин)

ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы)

(Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк)

Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө

7.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу 

Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 12-сентябрына чейин)

Аймактык шайлоо комиссиясы

(Мыйзам, 12-берене, 3, 7-бөлүктөр)

(Жаранды шайлоочулардын тизмесинен чыгаруу жарандарды мамлекеттик каттоону (эсепке алууну) жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдардан алынган маалыматтардын же ошол шайлоо участкасында добуш берүүгө укуксуз экендиги жөнүндө паспортто чагылдырылган маалыматтар ырастаган шайлоочунун өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Мында шайлоочулардын тизмесинде жаранды тизмеден чыгаруунун датасы жана мындай чыгаруунун себеби көрсөтүлөт.)

8.

Шайлоочулардын тизмелерин басып (2 нускада) чыгаруу жана шайлоо участкаларына бир нускадан берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары кол коет жана мөөрү менен бекитилет) 

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 15-августуна чейин) 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, системалык администраторлор, атайын өкүлдөр

(Мыйзам, 12-берене, 4-бөлүк)

9.

Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилген шайлоочулардын тизмелери бир эле убакта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан областтар боюнча жалпыланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын официалдуу сайтына жайгаштырылат

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 15-августуна чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

(Мыйзам, 12-берене, 9-бөлүк)

10.

Шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмелерин илүү

 

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 15-августуна чейин)

Участкалык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 13-берене, 1-бөлүк)

11.

Кабарлоолорду, 1-форманын жана 3-форманын бланктарын жана шайлоочулардын акыркы тизмесин басып чыгаруу үчүн атайын кагазды даярдоо жана жеткирүү

(2014-жылдын 20-августуна чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

12.

Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга ал шайлоочулардын тизмесинде бар болушу жөнүндө кабарлоону жөнөтүү

Добуш берүү күнүнө чейин 23 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 22-августуна чейин)

Участкалык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 13-берене, 2-бөлүк)

13.

Шайлоочулардын тизмесине киргизүү (1-форма) жана жекече маалыматтарга  өзгөртүүлөрдү киргизүү (3-форма) жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштетүү

Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 6-сентябрына чейин)

Участкалык шайлоо комиссиялары, аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор

14.

Шайлоочулардын акыркы тизмесин түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 9-сентябрына чейин) 

Аймактык шайлоо комиссиясы, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор

(Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк)

15.

Номер коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын акыркы тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү (шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз түрдө атайын кагазга басып чыгаруу)

Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 12-сентябрына чейин)

 

Аймактык  шайлоо комиссиясы, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор

(Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк)

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

16.

Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү

 

 

Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 23 календарлык күн калганда аяктайт 

(2014-жылдын 21-августуна саат 24.00гө чейин) 

Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топтору жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам, 49-берене, 1-,2-бөлүктөрү)

17.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 23 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 21-августуна саат 24.00гө чейин) 

Талапкерлердин  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

(Мыйзам, 60-берене, 1-бөлүк) 

18.

Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүү

Документ кабыл алынган күндөн тартып 8 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 3-бөлүк) 

19.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо

Добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күн калганда аяктайт

(2014-жылдын 29-августуна саат 24.00гө чейин) 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 7-бөлүк) 

20.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлерге  тиешелүү күбөлүктөрдү берүү

Талапкерлер катталгандан кийин 1 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 9-бөлүк) 

21.

Фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен айылдык кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо

Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 4 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 8-бөлүк) 

22.

Талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуусу

Добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 44-берене)  

23.

Талапкердин, саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөөлүү баш тартуу

Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын сунушунун жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде токтоосуз жүргүзүлөт

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 21-берене) 

Шайлоо алдындагы үгүт

24.

Маалыматтык камсыз кылуу, шайлоочуларга маалымдоо

 

 

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар

ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы

(Мыйзам, 22-берене, 1, 2-бөлүктөр) 

25.

Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат

Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору

(Мыйзам, 23-берене, 1-бөлүк)

26.

Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин

 

Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте

(Мыйзам, 26-берене, 1-бөлүк)

27.

Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүү жана жасалгалоо

Шайлоо дайындалган күндөн тартып 8 календарлык күндүн ичинде

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

(Мыйзам, 27-берене, 3-бөлүк)

Шайлоону финансылоо

28.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү

Шайлоо дайындалгандан кийин

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы)

29.

Шайлоо фондун түзүү

Жарандар, аларды талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди берүүгө чейин шайлоо алдындагы үгүттү каржылоо үчүн өз шайлоо фондуларын түзөт

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер

(Мыйзам, 61-берене, 1-бөлүк)

30.

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу

Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып

Аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 16-берене, 1-бөлүк)

 

31.

Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу  

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат

 (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк)

32.

Шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүү булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетторду тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү  

Шайлоодон кийин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 22-сентябрына чейин)

Талапкерлер, саясий партиялар

(Мыйзам, 15-берене, 19-бөлүк)

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат

(Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк)

Шайлоо бюллетендерин даярдоо тартиби жана участкалык шайлоо комиссияларына берүү

33.

Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 30-августуна чейин) 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 30-берене, 3-бөлүк)

34.

Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө ЖМК аркылуу же башкача ыкма менен кабарлоо

Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен

(бүткүл мезгилдин ичинде)

(2014-жылдын 7-сентябрына чейин) 

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 31-берене, 1-бөлүк)

35.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин жасоо

Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2014-жылдын 6-сентябрына чейин) 

Борбордук шайлоо комиссиясы

(БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү)

 (Мыйзам, 30-берене, 8-бөлүк)

36.

Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күн калганда, кайра добуш берүү учурунда добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күн калганда

(2014-жылдын 6-сентябрына чейин) 

Борбордук шайлоо комиссиясы

(БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү)

 (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк)

37.

Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу

Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календарлык күн калганда

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк)

Добуш берүү жана натыйжаларды аныктоо

38.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү

Добуш берүү күнүнө чейин 7-1 календарлык күн калганда

(2014-жылдын 7-сентябрынан 13-сентябрына чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 32-берене, 1-бөлүк)

39.

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү

Добуш берүү күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө (анын ичинде башка адамдардын көмөгү менен берип жиберилген) шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын же оозеки кайрылуусунун негизинде гана. Шайлоочунун арызы (кайрылуусу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен жасалат

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 33-берене, 2-бөлүк)

40.

Добуш берүүнү өткөрүү

2014-жылдын

14-сентябры саат  8.00дөн 19.00гө чейин

Участкалык шайлоо комиссиялары 

(Мыйзам, 31-берене)

41.

Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүү

Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат

(жыйынтыктар белгиленгенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт)

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 36-берене)

42.

Тиешелүү шайлоо документациялары бар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө  участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү

Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада

Участкалык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 37-берене, 1-бөлүк)

43.

Округдун аймагында шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин тез арада жана добуш берүү күнүнөн тартып 15 календарлык күндөн кечиктирбестен

 (2014-жылдын 30-сентябрына чейин) 

Аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 37-берененин 1, 4-бөлүктөрү, 38-берене)

44.

Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо

Шайлоонун натыйжаларын аныктаган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде

 ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы)

(Мыйзам, 40-берене, 4-бөлүк)

45.

Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арыздын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

Шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, 2 күндүк мөөнөттө

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланган талапкер

(Мыйзам, 51-берене, 1-бөлүк)

46.

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү

Шайлоонун натыйжаларын аныктагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арызды алгандан кийин, 2 күндүк мөөнөттө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 51-берене, 2-бөлүк)