№34 Баткен, Алай, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Баткен, Алай, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: К.Т. Таабалдыеванын, Г.М. Адылованын, М.М. Козуевдин, К.К. Абдыкеримованын, А.М. Султанованын, Н.А. Жунушованын, Т.К. Молдобаеванын, А.А. Жумадылованын, М.О. Дуйшееванын комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Таабалдыева Караматхан Турдубаевна, Адылова Гүлбара Мажитовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Токтосунов Бакытбек Гайбиллаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аширкулов Байсалбек Мурзахматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-«Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Козуев Максатбек Муртазаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Примкулова Калбү Жанибековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3.Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдыкеримова Клара Кушубековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Султанова Агила Мелисбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алымкулов Марлис Ажыбекович, Саадабекова Колзада Замудиновна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4.Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жунушова Назгуль Айдаркановна, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Молдобаева Толкун Кубанычбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Исакова Асель Кавакбековна, Тезекчиева Элиза Аблабековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5.Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жумадылова Аида Асанбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дуйшеева Миргуль Омурбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рыскулова Алия Насыралиевна, Сегизбаев Нааматбек Бектурганович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
6.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
 Бишкек ш., 2019-жылдын 29 - марты
№ 34