15.06.2021 № 465 2021-жылы 4 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 4 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун
Базар-Коргон районунун Могол, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 4 жана 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 219 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Могол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Турдукулов Эркинбек Нурдинович, Эрмеков Канжарбек Миркасымович катталган. Талапкерлер Могол айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Могол айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 14 депутаты катышып, Э. Турдукуловго - 13 добуш, К. Эрмековго – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Турдукулов Эркинбек Нурдинович Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Тагаева Жыпар Маматкаримовна, Аманкулов Казыбек Жолдошбаевич, Өсөров Нурлан Байышович, Арапбай уулу Азим-Шах катталган. Талапкерлер Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, 1 турда: Ж. Тагаевага - 2 добуш, К. Аманкуловго – 7 добуш, Н. Өсөровго – 6 добуш, Арапбай уулу Азим-Шахка – 6 добуш; 2 турда: К. Аманкуловго – 16 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Аманкулов Казыбек Жолдошбаевич Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 4 жана 7-июнундагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын Могол, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Могол айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4 жана 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Турдукулов Эркинбек Нурдинович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Аманкулов Казыбек Жолдошбаевич Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы Могол, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну
№ 465