№84 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы №72 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун  Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган - Рашев Калысбек Талапаевич жана Омурканов Бакир Жумаевич. 2 талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Добуш берүүгө Садыр-Аке айылдык кеңешинин 10 депутаты катышты.

Добуш берүүдө Рашев К.Т. – 5; Омурканов Б.Ж. – 4 добуш алышкан, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына - 1.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында бир да катталган талапкер тийиштүү добуш албагандыгына байланыштуу эң көп добуш алган Рашев К.Т. экинчи турга чыгып, Рашев К.Т.- 7 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына - 3.

Шайлоонун натыйжасында Рашев К.Т. Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.

2019-жылы 17-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер Омурканов Бакир Жумаевичтин даттануусу келип түшкөн. Өз арызында Б.Ж. Омурканов Садыр-Аке айылдык кеңешиндеги мандаттардын саны 11ди түзөрүн, ал эми Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого Садыр-Аке айылдык кеңешиндеги 10 депутат катышкандыктан, 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууну өтүнгөн. Мында ал “Садыр-Аке айылдык кеңешинин 1 депутатынын шайлоого катышпаганы добуш берүүнүн натыйжаларына таасир этүүсү мүмкүн” деп эсептейт.

2019-жылы 19-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ Б.Ж. Омуркановдун даттануусун арыз ээсинин катышуусу менен карап чыкты жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Б.Ж. Омуркановдун даттануусун канааттандыруудан баш тартууну сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-июнундагы №3 чечими менен Б.Ж. Омуркановдун 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартылган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-июнундагы №3 чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 14-июнундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Рашев Калысбек Талапаевич табылсын.

2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 28-июну 
№84