Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 24-мартындагы № 75-р буйругу менен Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касенов өзүнүн берген арызынын негизинде, ээлеген кызмат ордунан бошотулган, Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 10-февралындагы № 2/03 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөт башчысы А. Убайдуллаев өзүнүн берген арызынын негизинде, эмгек өргүүсүнүн аякташы менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөт башчысы А.А. Атазаковдун ыйгарым укуктары 2014-жылдын 5-апрелинде аяктайт, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы У.О. Жусупжановдун ыйгарым укуктары 2014-жылдын 6-апрелинде аяктайт, Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А. Алыбаевдин ыйгарым укуктары 2014-жылдын 6-апрелинде аяктайт.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 28-апрелине дайындалсын.
2.Кемин, Лейлек, Араван, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 08-апрели
№ 57
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 08-апрелиндеги № 57 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоороду өткөрүүнүн графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы |
|
Чүй облусу |
||
|
Кемин району |
||
|
1. |
Алмалуу |
28.04.2014-ж., саат 10-00 |
|
Баткен облусу |
||
|
Лейлек району |
||
|
2. |
Ак-Суу |
28.04.2014-ж., саат 10-00 |
|
Ош облусу |
||
|
Араван району |
||
|
3. |
Керме-Тоо |
28.04.2014-ж., саат 10-00 |
|
Нарын облусу |
||
|
Ак-Талаа району |
||
|
4. |
Жаңы-Талап |
28.04.2014-ж., саат 10-00 |
|
5. |
Ак-Тал |
28.04.2014-ж., саат 14-00 |