15.07.20 ж. №129 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 10-июлундагы № 6 чечими менен 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө үчүн отуз сегиз (38) шайлоо участкасы түзүлдү.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 10-июлундагы № 6 чечимин карап, “Шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары 42 (кырк эки) шайлоо участкаларын түзүү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Италия Республикасында (Рим шаарында) жана Франция Республикасында (Париж шаарында) шайлоо участкаларын түзүү боюнча аккредитацияланган өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматы 2-тиркемеге ылайык эске алынсын.
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте 2020-жылдын 24-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссияларын түзсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом “Эркин Тоо” газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 15-июлу
№ 129