Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына …

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизү

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34, 35, 36, 37- беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2, 15 – пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 1. 2011-жылынын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан № 151 токтому менен  бекитилген  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө Жобого төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Бешинчи абзацындагы:

- “экинчи нускалары” деген сөздөр “нуска” деген сөзгө алмаштырылсын;

- “үч” деген сөз “эки” деген сөзгө алмаштырылсын

2)  Жобонун бүткүл тексти боюнча “(же үчүнчү нуска)” деген сөздөр алып салынсын;

3) сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун экинчи нускасы, участкалык комиссиянын мөөрү, эки сейф-пакеттердин айрылма талондору, биринчи нуска менен сейф-пакеттерди аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө акт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын ишинин аякташына чейин алардын тактыгына жана сакталышына мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.”

4)  онунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун күбөлөндүрүлгөн сейф-пакети жана добуш берүү күнүндө шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

Сейф-пакеттерди Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн аймактык шайлоо комиссиясында ачууга жол берилбейт.”;

5) он биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун алгачкы нускаларынын негизинде, алардагы маалыматтарды бириктирүү жолу аркылуу тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, ал жөнүндө добуш берүүнүн протоколу менен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча бириктирилген таблица түзүлөт.”;

 6)  он үчүнчү абзацта:

 -  “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөрдөн кийинки “да сейф-пакетке таңгакталат” деген сөздөр алып салынсын;

-  “өткөрүүгө” деген сөздөн мурда “Борбордук шайлоо комиссиясына” деген сөздөр менен толукталсын;

2.  Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3.  Ушул токтом аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жиберилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

 ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ 

Бишкек ш., 2011-жылдын 14-сентябры                          

 №  257

 

Кыргыз Республикасынын

 Шайлоо жана референдум өткөрүү

 боюнча борбордук комиссиясынын

2011-жылдын 17-августунда

№ 151 токтому менен бекитилген  

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону

камсыз кылуунун тартиби жөнүндө

 ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рфеферендум өтөкрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 257 токтомунун редакциясында)

Ушул Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыгылган жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун, аймактык шайлоо комиссияларын добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун жана биргелештирилген таблицаларды жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган ачуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган.

Сейф-пакеттер атайын нымдуулукка чыдамдуу, ысыкта күйбөгөн материалдардан даярдалат, алардын сегиз сандык номерлери болот (мындан ары - идентификациялык номер), чапталуучу индикаторлук лента менен чапталат. Мыйзамсыз, өзүнчө жана анонимдик ачуу болбойт, анткени, ал ачык көрүнүп турган пломба-лентанын алдында open (ачык) деген сөз менен коштолот, ошондуктан, пайдаланылган сейф-пакетти экинчи жолу чаптоо мүмкүн эмес.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасына кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы аталган протоколду же анын көчүрмөсүн токтоосуз факсимилдик байланыш боюнча контролдоо, маалыматтарды алгачкы иштеп чыгуу жана жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы)  жөнөтөт.

Сейф-пакеттерди оңдоолорду киргизүү максатында ачуудан качуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтарды дыкаттык менен текшерип чыгуулары зарыл.

Биринчи  нуска, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун кол коюлган көчүрмөсүн эки сейф-пакеттерге тангактоо байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу астында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы тарабынан ишке ашырылат, ал жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүшү, катышып жаткан адамдардын бардыгынын колтамгалары болушу  зарыл.

Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн сейф-пакетине, добуш берүү күнүндө шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин  дүмүрчөктөрү кошумча таңгакталат.

Биринчи нуска менен, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, шайлоо күнү шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү менен эки сейф-пакетти участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же бир мүчөсү тарабынан талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматчыларынын коштоосунда токтоосуз аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет жана акт менен өткөрүлүп берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номери сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун экинчи нускасы, участкалык комиссиянын мөөрү, эки сейф-пакеттердин айрылма талондору, биринчи нуска менен сейф-пакеттерди аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө акт жана добуш берүүнүн жыйнтыктары тууралуу протоколдун күбөлөндүргөн көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын ишинин аякташына чейин алардын тактыгына жана сакталышына мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу протоколунун биринчи нускасынын сейф-пакетин ачуу - байкоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун күбөлөндүрүлгөн сейф-пакети жана добуш берүү күнүндө шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт. Сейф-пакеттерди Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн аймактык шайлоо комиссиясында ачууга жол берилбейт

Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун алгачкы нускаларынын негизинде, алардагы маалыматтарды бириктирүү жолу аркылуу тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, ал жөнүндө добуш берүүнүн протоколу менен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча бириктирилген таблица түзүлөт.

Тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн протоколунун биринчи нускасына жана бириктирилген таблицага кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы аларды участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө бардык протоколдор менен бирдикте сейф-пакетке таңгактайт, ал жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттин идентификациялык номуру көрсөтүлөт жана шайлоочуларга добуш берүү күнүндө берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү жана участкалык шайлоо комиссияларынын күбөлөндүрүлгөн протоколдору таңгакталган сейф-пакеттер менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

Аймактык шайлоо комиссиясынын бардык шайлоо документациясы менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө экинчи нускасы, сейф-пакеттин айрылма талону, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына жыйынтыктоочу протоколдун биринчи нускасы менен сейф-пакетти тапшыруу жөнүндө акт архивге өткөрүүгө чейин кайтарылуучу жайда аймактык комиссиянын катчысында сакталат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун биринчи нускасы жана аймактык шайлоо комиссиясынын бириктирилген таблицасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларга шайлоо күнү берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү жана участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен сейф-пакеттерди Борбордук шайлоо комиссиясында акт боюнча ачууга жол берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүшү керек.