2014-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-мартында № 49 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационал, 2014-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 24-апрелинде № 62 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, 2014-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-майындагы № 70 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер; Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо, Кара-Буура районунун Бейшеке; Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Сузак районунун Көк-Арт; Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек, Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү, 2014-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-майында № 76 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү.
Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 14-апрелинде, 14-майында, 4-июнунда болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2014-жылдын 11-июнунда болуп өткөн Чүй облусунунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
3.Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.
4. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тиркемеге ылайык).
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган шаардын мэрине жана айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 17-июну
№ 78
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 17-июнундагы
№ 78 токтомунун тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
|
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
||
|
Чүй облусу Ысык-Ата району |
|||||
|
1. |
Интернационал |
Темралиев Джакшилык Султанкулович |
14.04.2014 |
||
|
Москва району |
|||||
|
2. |
Беш-Терек |
Джаилов Сыргак Джумабекович |
14.05.2014 |
||
|
Сокулук району |
|||||
|
3. |
Жаңы-Жер |
Кулов Батырлан Асаналиевич |
04.06.2014 |
||
|
Талас облусу Талас району |
|||||
|
4. |
Бекмолдо |
Чойбеков Темиркан Бусурманкулович |
04.06.2014 |
||
|
Кара-Буура району |
|||||
|
5. |
Бейшеке |
Кожокулов Талантбек Анарбаевич |
04.06.2014 |
||
|
Жалал-Абад облусу Токтогул району |
|||||
|
6. |
Токтогул шаары |
Калмурзаев Марат Сагынбекович |
04.06.2014 |
||
|
Сузак району |
|||||
|
7. |
Көк-Арт |
Кудайбердиев Шераали Надирбекович |
04.06.2014 |
||
|
Нарын облусу Ат-Башы району |
|||||
|
8. |
Казыбек |
Мамытов Бекболот Жээнкулович |
04.06.2014 |
||
|
Ак-Талаа району |
|||||
|
9. |
Кызыл-Белес |
Абдылдаев Алмаз Орозбекович |
04.06.2014 |
||
|
Чүй облусу Москва району |
|||||
|
10. |
Ак-Суу |
Ибраимов Сабир Маратович |
11.06.2014 |
||