№ 75 2016-жылдын 27 – мартындагы Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын                       23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын                27-мартында өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Каракол шаардык кеңешинин аймагында бирдиктүү 1 шайлоо округу жана 24 шайлоо участогу түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11- апрелиндеги № 7 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешине, “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, 2016-жылдын 11 - апрелиндеги № 9 “Республика-Ата-Журт” саясий партиясы тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, 2016-жылдын 11 - апрелиндеги № 8 “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимдеринин, Каракол аймактык шайлоо комиссиясынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

 2. Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын  шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун, 3.3 пунктунун “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган депутаттар деп тануу жөнүндө бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11- апрелиндеги № 7 чечимине ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын  шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун, 3.4 пунктунун “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан шайланган депутаттар деп тануу жөнүндө бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11 - апрелиндеги № 9 чечимине ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин.

4. Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын  шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун, 3.5 пунктунун “Өнүгүү - Прогресс” саясий партиясынан шайланган депутаттар деп тануу жөнүндө бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11 - апрелиндеги № 8  чечимине ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин.

5. Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

6. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлер Каракол шаардык кеңешинин шайланган депутаттары деп табылсын (тиркелет).

7. Каракол аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү Каракол аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                               Т. АБДРАИМОВ

 

                                   

Бишкек ш., 2016-жылдын 11 - апрели

№ 75