Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … №154 Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын …

№154 Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы №204 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Нарын шаардык, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү.

Шайлоолорду өткөрүү үчүн «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Нарын облусу боюнча 1 бирдиктүү жана 118 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгынын 654 мандатына 3128 талапкер көрсөтүлүп, алардын ичинен 3063 талапкер катталган. Каттоодон өткөндөрдөн: 1779 талапкерди саясий партиялар, 114 талапкерди шайлоочулардын топтору көрсөткөн, 1325и өзүн өзү көрсөткөндөр.

Добуш берүүгө 72 180 шайлоочу катышкан бул облус боюнча шайлоочулардын жалпы санынын 53,21% түзөт.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоочулар сыпатында саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын өкүлдөрү катышкан. Нарын облусу боюнча байкоочулардын жалпы саны 2 521 адамды түзөт.

Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо процессинин катышуучуларынан шайлоо ченемдеринин бузулушу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына болгону 18 кат жүзүндөгү кайрылуулар (арыздар, даттануулар) түшкөн; анын ичинде Нарын аймактык шайлоо комиссиясына 5 даттануу, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына 5 даттануу, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына 3 даттануу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 5 даттануу.

Түшкөн арыздардын жана даттануулардын бардыгы мыйзамда белгиленген тартипте каралган.

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрдагы №28 чечимине ылайык Чеч-Дөбө, Ача-Кайыңды, Ак-Жар шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноо жүргүзүлгөн.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузуу фактыларына жол берилген.

С.Т. Чолуевди Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер сыпатында мыйзамсыз каттоо жана аны бюллетендин текстине мыйзамсыз киргизүү жөнүндө шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузуу фактысы боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жогоруда аталган фактыларды текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн жиберилген.

Бюллетендин текстине Жан-Булак айылдык кеңешинин «Жан-Булак» шайлоо округу боюнча Кадыров Эмилбек Сейдилдаевичтин жана Чет-Нура айылдык кеңешинин «Орто-Саз-Ак-Кыя» шайлоо округу боюнча Мамыров Тазабек Зарлыковичтин киргизилишинин мыйзамдуулугу азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы тарабынан текшерилүүдө.

Көпчүлүк кайрылуулар жана арыздар айрым шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноо өтүнүчтөрү менен байланышкандыгын белгилей кетүү зарыл.

Шайлоолордун натыйжалары, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдордун жыйынтыгында Нарын облусу боюнча 632 талапкер шайланган (Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин «Жан-Булак» шайлоо округунан, Чет-Нура айылдык кеңешинин «Орто-Саз-Ак-Кыя» шайлоо округдарынан тышкары).

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Нарын шаардык, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, 24-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-1, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы, Нарын, Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалыматтар көңүлгө алынсын 

(1-тиркеме).

2. Нарын шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өттү деп таанылсын.

3. Нарын шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилсин.

4. Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Кара-Суу, Кара-Коюн, Казыбек, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.

5. Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Кара-Суу, Кара-Коюн, Казыбек, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протколдор бекитилсин.

6. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Үгүт, Ак-Тал, Көк-Жар, Жаңы-Талап, Тоголок Молдо, Кызыл-Белес айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.

7. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Үгүт, Ак-Тал, Көк-Жар, Жаңы-Талап, Тоголок Молдо, Кызыл-Белес айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

8. Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Баш-Кууганды, Байзак, Көк-Ой, Кабак, Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.

9. Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Баш-Кууганды, Байзак, Көк-Ой, Кабак, Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

10. Нарын районунун Орток, Дөбөлү, Эмгекчил, Он-Арча, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Учкун, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Достук, Сары-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.

11. Нарын районунун Орток, Дөбөлү, Эмгекчил, Он-Арча, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Учкун, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Достук, Сары-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

12. Кочкор районунун Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Кочкор, Семиз-Бел, Көк-Жар, Соң-Көл, Кум-Дөбө, Чолпон, Кара-Суу, Талаа-Булак, Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.

13. Кочкор районунун Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Кочкор, Семиз-Бел, Көк-Жар, Соң-Көл, Кум-Дөбө, Чолпон, Кара-Суу, Талаа-Булак, Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

14. Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин «Жан-Булак» шайлоо округу жана Чет-Нура айылдык кеңешинин «Орто-Саз-Ак-Кыя» шайлоо округу боюнча маселе өзүнчө каралсын.

15. Шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузууга жол бергендиги үчүн Нарын аймактык шайлоо комиссиясы таркатылсын.

16. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер депутаттыкка шайланды деп эсептелсин (2-тиркеме).

Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

17. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2012-жылдын 15-декабры

№ 154