№539 2017-жылдын 23-ноябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 531 токтому менен 2017-жылдын 23-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын шайланган мэри болуп Авазов Салайдин Абдивалиевич табылсын.
2.  Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 28-ноябры,  
№ 539