№ 63 2017-жылдын 30-январында жана 14, 21, 28-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 7 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 30-январында  өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-январындагы № 19, 16-февралындагы № 44, 21-февралындагы № 50 жана 27-февралындагы № 55 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь жана Тоң районунун Төрт-Күл; Чүй облусунун Москва районунун Александровка; Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо 2017-жылдын 14, 21, 28-февралында болуп өткөн.

Ысык-Ата, Ак-Суу, Тоң, Москва жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. 2017-жылдын 30-январында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2. 2017-жылдын 14, 21, 28-февралында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь жана Тоң районунун Төрт-Күл; Чүй

облусунун Москва районунун Александровка; Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

  3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн  жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

  4. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).

  5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчылары болуп шайлангандарга тапшыруу үчүн берилсин.

  6.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 7.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 3 - марты

№ 63

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2017-жылдын 3-марттагы № 63

токтомуна тиркеме

 

2017-жылдын 30-январында жана 14, 21, 28-февралында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчылары болуп шайлангандардын тизмеси

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.Ж.

Шайлоо

өткөрүлгөн күнү

Ысык-Көл облусу  

Ак-Суу району

1.

Октябрь айыл өкмөтү (кайра шалоо)

Доконбаев Улан Ишембаевич

2017-жылдын 14-февралы

Тоң району

2

Төрт-Күл айыл өкмөтү (кайра шалоо)

Абылов Руслан Кожоналиевич

2017-жылдын 21-февралы

Чүй облусу  

Ысык-Ата району

3

Ново-Покровка айыл өкмөтү

Кыдыкеев Мирлан Чубакович

2017-жылдын 30-январы

Москва району

4

Александровка айыл өкмөтү (кайра шайлоо)

Баги Ибрагим Юшизович

2017-жылдын 28-февралы

Ош облусу

Кара-Суу району

5

Шарк айыл өкмөтү (кайра шайлоо)

 

Тезекбаев Таалайбек Жолчуевич

2017-жылдын 28-февралы