17.06.2021 № 504 Кегети айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Чүй аймактык шайлоо коми
Кегети айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Чүй аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 15-июнундагы Кегети айыл кеңешинин депутаты Аликеев Эсенаман Насировичдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттын шайланган депутаттан кийинки талапкерге Джокаеев Каныбек Сейтеевичге өткөрүп берүү жөнүндө № 95 чечим кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Кегети айылдык кеңешинин депутаты Аликеев Эсенаман Насировичдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки талапкерге Джокаеев Каныбек Сейтеевичге өткөрүп берүү боюнча 2021-жылдын 15-июнундагы № 95 чечими бекитилсин.
2. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып Э.Н. Аликеевдин күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы Кегети айылдык кеңешинин шайланган депутатын каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Чүй аймактык шайлоо комиссиясына жана Кегети айылдык кеңешине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 504-июну
№ 504