№159 2018-жылдын 5-августунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы ПЖ №133 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Майдан айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Майдан айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 5 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 21 мандатка 68 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 6607ни түзүп, анын ичинен 2882 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 43,62 % түзөт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы №8110, №8111, №8112, №8153, №8195 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018-жылдын 5-августундагы протоколдорунун негизинде шайлоону өттү деп таанып, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 8-августундагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жана Майдан айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 13 - августу,
№ 159