№ 101 “Шайлоочулардын мамлекеттик порталы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында шайлоо системасынын айкындыгын камсыз кылуу, жарандардын мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтарга жетүү укуктарын жүзөгө ашыруу, жарандардын шайлоочулардын тизмеси жана шайлоо системасы жөнүндө маалыматтарды эркин жана тоскоолдуктарсыз алуу укуктарын жүзөгө ашыруу, ошондой эле шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына тизмеде бар экендиги жөнүндө маалыматты тактоо мүмкүнчүлүгүн берүү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 29-мартындагы №77 токтому менен бекитилген “Шайлоо процесстерин өркүндөтүү боюнча иш чаралар Планын” аткаруу максатында,  “КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 28-пункттарын жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Шайлоочулардын мамлекеттик порталы жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайттарына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2017-жыл 26-апрель

№ 101