№274 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак, Барпы, Базар-Коргон районунун Кеңеш, Ноокен районунун Достук айыл аймактарында жаңы шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө

Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы шайлоо участкаларын түзүү боюнча Сузак,  Базар-Коргон, Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын берген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагында № 2424, № 2425, Барпы айыл аймагында № 2426 жаңы шайлоо участкалары түзүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында № 2428 жаңы шайлоо участкасы түзүлсүн.

3. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагында № 2427 жаңы шайлоо участкасы түзүлсүн.

4. Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, аймактык шайлоо комиссиялары жаңы түзүлгөн шайлоо участкаларына участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 25-июлу, 
№ 274