Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Г.Ж.Ибрагимовадан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн документтерин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Г.Ж.Ибрагимованын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
- Байболов Камил Сулайманович, 1966-жылы туулган, “SAVE” көз карандысыз коомдук фондунун төрагасы;
- Дегенбаева Гүлнара Орозбаевна, 1962-жылы туулган, “Мээрим Булагы” Коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы;
- Осмоналиева Мээрим Алымбаевна, 1988-жылы туулган, “Билим берүү союзу” Ассоциациясынын экономисти;
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Г.Ж.Ибрагимованын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 15-августу
№ 114