№ 80 2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

 

 

Баткен облусунун Кадамжай; Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң; Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат; Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча берилген сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4,                           5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы ПЖ № 59 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

          ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын  6-апрели

 

№ 80