№ 112 2017-жылдын 4-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 94 токтому менен 2017-жылдын 4-майына дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Чүй аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:


 1. Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2.  Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Шакеев Жантай Мыктыбекович табылсын.

2. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 10-майы

№ 112