№34 2018-жылдын 12-февралында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-январындагы № 11 токтому менен 2018-жылдын 12- февралына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Чилпаков Темирбек Осмоналиевич табылсын.

2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2018-жылдын 17-февралы, 
№ 34